Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «алдамчы» аял кармалды

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 488 | 0

Курорттук мекемелерден жетекчилик кызматтарды «сатып алууну» сунуштап, ар кимди алдап жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгына февраль айында чала тааныш аял алдоо жолу менен 28 миң доллар алып, берген убадасын аткарбай койгону боюнча арызданып 40 жаштагы аял кайрылган.  Көп өтпөй, дал ушундай эле арыз менен дагы бир 50 жаштагы аял кайрылган. Ал 30 миң долларын алдатып ийгенин жазган.

Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда алдамчылык иш-аракеттери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1970-жылы туулган К. Г. аттуу Ош облусунун жараны кармалды.

Кармалган жаран тергөө кызматына жеткирилип, ошол эле күнү Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Соттун чечими менен камакка алуу бөгөт чарасы каралды. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM