Биз менен байланышыңыз

«Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» кыймылынын лидери баңгизат менен кармалды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 952 | 0

«Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидеринин (1969-жылы туулган И.Д. аттуу жаран) күрмөсүнөн 2,5 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты табылып кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

19-майда саат 23:30 чамаларында Новопавловка айылында жайгашкан үйлөрдүн бирине баңгизаттарды сатууга жана уюштурууга катыштыгы бар деген шек менен санкциялаштырылган тинтүү жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда үйдөн кыймылдын 10 жараны кармалган.

Алар: 1971-жылы туулган А.А. (үйдүн ээси), 1968-жылы туулган О.Т., 1968-жылы туулган У.К., 1976-жылы туулган Т.С., 1977-жылы туулган А. Т., 1978-жылы туулган Ж.Т., 1981-жылы туулган К.А., 1983-жылы туулган И.К., 1992-жылы туулган Э.С., 1986-жылы туулган К.Ф.

Тинтүүдө кара куурай кендир жытына ээ болгон өсүмдүк жана баштык табылган. ИИМдин эксперттик-криминалисттик борборунун корутундусуна ылайык, табылып алынган зат таза салмагы 427 граммды түзгөн «марихуана» болгон.

Күбөлөндүрүү учурунда 10 жаран баңгизатка мас абалында болушкан.

20-майда О.Т., А.А., жана Т.С. аттуу жарандар Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаарындагы Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Калган кармалгандар тергөөгө келүү милдеттенмеси менен бошотулган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жана тергөө амалдары улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM