Биз менен байланышыңыз

Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 431 | 0

Жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Орусиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Баткен облусунун 1987-жылы туулган А. Б. аттуу тургуну Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандыгы боюнча тергөө органдарынан жашырынып жүргөн.

Алдын ала маалымат боюнча, А.Б. аттуу жаран бир нече жыл мурда аял кишинин ири суммадагы акчасын алып, андан соң изин жашырып кеткен.

Кармалган жаран Орусиянын Жазык-процесстик кодексинин 91-беренесине ылайык аймактык бөлүмдүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, издөө салган тарапка маалымдама жөнөтүлүп, өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси ийгиликтүү чечилди.

Азыркы убакта кармалган жаран Бишкек шаарына алынып келинип, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Copyright © 2017 Maral FM