Биз менен байланышыңыз

Турдубекова: Бала үй-бүлөдө чоңоюшу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 2 мая 2019 | 484 | 0

«Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова «Марал» радиосуна берген маегинде зордук-зомбулукка кабылган учурда да, эгерде баланын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирилбесе, ал үй-бүлөдө калышы керек экенин билдирди.

«Балдарды жетим балдар үйүнө же башка борборлорго өткөрүүгө каршыбыз. Анткени, ал баланын психологиясына терс таасирин берет. Баланын үй-бүлөсү жакшы шарт түзө албаса, аны жылуу мамиле жасаган туугандарына өткөрүп берүүгө аракет кылабыз. Анын үстүнө балдар үйүндө чоңойгондор кийин ата-энесин карылар үйүнө калтырып коюшу толук мүмкүн», — дейт Турдубекова.

27-апрель күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына 8 жаштагы баланы уруп жатат деген арыз келип түшкөн. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, 2010-жылы туулган баланы 33 жаштагы таякеси таенесинин акчасын уурдаган деп, тарбиялоо максатында автоунаа менен сүйрөткөнүн кошуналары айтышкан.

Бирок Турдубекова, башталгыч класстын окуучусу акча тууралуу көп маалыматка ээ болбой турганын билгилейт.

«Андыктан, ар бир бала кичинекей кезинде уруксатсыз акча алат. Мындайда урушпай, акчанын баалуулугун түшүндүрүү зарыл. 14 жашка чейинки бала уруксаты жок акча алса да күнөөлүү деп эсептелбейт», — дейт Турдубекова.

Ал мындан сырткары, Башкы прокуратуранын маалыматына таянып, Кыргызстанда зордук-зомбулук көбөйүп жатканын билдирди.

«Бишкекте Биринчи май районунда, Чүй облусунда Ысык-Ата районунда зордук-зомбулук көбөйүптүр. Эми укук коргоо органдары, социалдык кызматкерлер анализдеши зарыл. Ал эми биз үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча өкмөт менен биргеликте жер-жерлерде борборлор түзүп жатабыз. Ал жерде балдарга акысыз психологиялык жардам көрсөтүлөт. Учурда 6 борбор ачылды», — дейт Турдубекова.

Copyright © 2017 Maral FM