Биз менен байланышыңыз

«Ата-энелер балдарын жакшы тарбиялай албай жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 мая 2019 | 571 | 0

«Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова «Марал» радиосуна берген маегинде көп учурда ата-энесинин кароосунда болбогон балдар зордук-зомбулукка кабыларын билдирди.

«Баланын кыялын ата-энесиндей эч ким көтөрө албайт. Андыктан, ата-энелерге кайрыларым, балдарды башка бирөөнүн колуна калтыруу кооптуу. 300 миңге жакын баланын ата-энеси миграцияда жүргөнү маалым. Мигранттын балдарынын баары эле запкы көрөт дегенден алысмын. Антсе да, ата-энелер балдарын психологиялык зомбулукка кабылтпастан тарбиялай албай жатышат. Алар баланы тамак-аш, кийим менен камсыз кылуу жетишет деп ойлошот. Бирок баланын эсинде тамак-аш, кийим-кече эмес, ата-эне төккөн мээрим калат. Запкы көрүп өскөн бала келечекте өзүнүн балдарына да жакшы тарбия бере албайт«, — дейт Турдубекова.

Ал Кыргызстанда ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл экенин белгиледи.

«Башка мамалекеттерде баласын 1 саатка көзөмөлсүз калтырса, ата-энелик укугунан ажыратууга чеийн барышат. Бүгүнкү күндө Кырыгзстанда шарттар, заман өзгөрүдү, балдардын коопсузудугуна коркунуч туудурган кырдаалдар жаралууда. Андыктан ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл», — дейт Турдубекова.

Ал мындан сырткары, коомчулукка кайрылып, зомбулукка кабылган балдарды, улгайган адамдарды көргөн жарандар 102 кыска номуруна чалып, кабар берип коюуга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM