Биз менен байланышыңыз

«Унаага сүйрөлгөн баланын психологиялык жана эмоционалдык абалы жакшы»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 мая 2019 | 1018 | 0

«Таякеси тарбиялоо максатында автоунаасы менен сүйрөттү» делген баланын психологиялык жана эмоционалдык абалы жакшы. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда бала керектүү кийим кече, дары-дармек менен камсыздалган. Эң негизгиси, апасы кайтып келип, өз камкордугуна ала турганын билдирген.

«Баланын апасы Орусиядан келди, эне менен баланын мамилеси жакшы экен. Дарыгерлерге рахмат, жакшы карап жатышат. Класс жетекчиси да күн сайын келип, тамак берүүдө. Анын айтканына караганда, бала мектепке жакшы кийинип келчү экен. Бирок, бала жашаган үй Бишкек шаарынын адмнистративдик аймагына кирбей калган. Мындан улам эч ким көзөмөлдөгөн эмес. Класс жетекчиси да таң калууда. Ал бала бир да иш-чаралардан калбай,  жакшы окуп, ар дайым көңүлү көтөрүңкү жүргөнүн айтат», — дейт Турдубекова.

Ал белгилегендей, эл аралык стандарттарга ылайык, зордук-зомбулукка кабылган баладан интервью алууга болбойт. Андан окуя кандай болгонун кайра-кайра суроо балага карата экинчи зомбулук болуп эсептелет. Анткени, психологиясына зыян келет. Андыктан, баланын ден соолугуна байланыштуу эч ким менен жолуктурбай жатышат.

«Бала көп суракка алынбаса экен деп тынчсызданып жатабыз. Басмырлап маалымат алуу баланын укугун бузат. Балага туугандарын жолотпой жатат. Учурда соттун чечими менен таякеси үй камагына алында. Эми соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтөбүз. Эгерде таякеси катуу зыян келтиргени далилденсе, анда 3 жылга эркинен ажыратылат. Мындайда бала таякеси менен чогуу кала албайт», — дейт Турдубекова.

Эске салсак, 27-апрель күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына 8 жаштагы баланы уруп жатат деген арыз келип түшкөн. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, 2010-жылы туулган баланы 33 жаштагы таякеси таенесинин акчасын уурдаган деп, тарбиялоо максатында автоунаа менен сүйрөткөнүн кошуналары айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM