Биз менен байланышыңыз

Венесуэла Мадуронун «качуу планы» боюнча билдирүү жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2019 | 430 | 0

Венесуэланын президенти Николас Мадуро төңкөрүш башталганда өлкөдөн чыгып кетүүнү пландаштырган эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министри Хорхе Арреаса Twitter социалдык тармагы аркылуу билдирди.

«Президент Николас Мадуро төңкөрүш башталганда, өлкөдөн чыгып кетүүнү пландаштырган деген маалымат фейктердин ойлоп тапканы. Көтөрүлүш максатына жетпей, планы ишке ашпай калган АКШ колдогон оппозиция тараптын чыгарган айласыз амалы болду», — дейт министр.

Ал мындан сырткары, Америка бийлиги дипломатиянын жардамы менен аракет жасоосу керектигин кошумчалаган. Себеби, алар Венесуэланы социализмге жеткирем деп, революциянын чыгуусуна жана жакырчылыкка алып келгенин айткан.

Буга чейин, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Венесуэланын президенти Николас Мадуро өз өлкөсүн таштап чыгып кетүүгө аракет кылганын, аны Орусия калтырып койгонун билдирген болчу.

Венесуэладагы абал, 23-январда Гуайдо өзүн убактылуу президент деп жарыялаганда курчуган.

Бүгүн Венесуэла президенти Николас Мадуро 30-апрелде көтөрүлүштү баштаган оппозициялык күчтөргө каршы жеңишин жарыялады. Андан сырткары, Венесуэла лидери бул кыймыл жазасыз калбай турганын баса белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM