Connect with us

Кыргызстанга нитратка «сугарылган» жашылчалар кирип жатат

Экономика | 30 Апр 2019 | 1612 | 0

Бажыдагы коррупциялык аткезчиликтен улам, өлкөгө сапаты төмөн, жегенге болбой турган мөмө-жемиштер кирип жатат. Мындай маалыматты Күнөсканачылар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев айтып чыкты. Жала-Абаддагы ишкерлер  Өзбекстандан, Тажикстандан аткезчилик менен келген мөмө-жемиштерди лабораторияга тапшырганда, нитраттын көлөмү өлчөмүнөн көп чыккан.

Бишкектеги мөмө-жемиш саткан базарларда жергиликтүү күнөсканалардын жемишине караганда, сырттан келген помидор, бадыраң көбүрөөк суралат. Айырмасы 5-10 сом гана болгону менен керектөөчүлөр сырттан келген бадыраң, помидордун сапаты жакшыраак деп эсептешет.

— Биздин жашылчалардын сапаты, балким даамы сырттан келгендерге жетпей жатат окшойт. Ошондон уламбы, кардарлар Ташкенттин жашылчаларын көбүрөөк сурашат. Мисалы, Бишкектин күнөсканаларында өскөн бадыраң, помидорго караганда, Ташкенттики батыраак сатылат.

Анын үстүнө, жергиликтүү күнөсканалардын мөмө-жемиштери сатыкка кеч чыккандыктан, Өзбекстан, Тажикстандан келген жашылчаларга талап жогору.

— Азыр биздин жашылча-жемиш чыга элек. Ага дагы убакыт бар. Ошого көбүнесе сырттан келгендерди алып келишет.

Бирок, ошол сырттан келген жашылча-жемиштердин баары эле талапка жооп бербей жатат. Мындай оюн «Марал» радиосуна Күнөсканачылар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев билдирди. Анын берген маалыматына ылайык, Жалал-Абаддагы ишкерлер атайын изилдөө жасап көрүшкөн.

— Биздин ассоциацияга мүчө болгон ишкерлер атайын лабораториядан текшертишиптир. Өзбекстан, Тажикстандан аткезчилик жол менен кирген бадыраңдарда нитраттын көлөмү өлчөмдөн көп чыккан. Мындан тышкары, 2017-жылы ошол эле ишкерлер өз алдынча изилдөө жасап көрүшкөн. Анда алар ошол жылы өлкөгө 6 фура гана жер-жемиш кирди деген расмий жооп алышкан. 6 фура — өтө аз. Анткени, реалдуу карай турган болсок, күнүнө эң кеми экиден фура жемиш кирип турат. Анда, «расмий түрдө 6 фура кирсе, калгандары кандай жол менен кирип жатат?» — деген суроо туулат.

Аткезчилик менен кирген жашылча-жемиштерде бир гана нитраттын эмес, пестициддердин да болушу чоң коркунуч жаратарын Тилек Токтогазиев белгилейт. Анткени, ар кандай зыянкечтерден коргоо үчүн колдонулган химиялык заттар тукумсуздук, ичеги-карын ооруларын пайда кылат. Айрыкча, акыркы кезде тамак-аш коопсуздугуна кайдыгер мамиле жасалгандыктан, рак оорусу да жашарган. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын тамак-аш өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Алымкан Мансурова айтат.

— «Оорунун баары ооздон» деген орустардын сөзү бар. Дарттын баары жеген тамагыбыздын кесепетинен пайда болот. Жашылчада нитраттын көп болгону аябай кооптуу. Нитратты жашылча-жемиш эртерээк бышсын, көлөмдүү болсун деп колдонушат. Ушундай зыяндуу азыктарды жегендиктен, балдар жаштайынан оорулуу болуп жатышат. Жаш баланын рак оорусуна кабылганы мурда ойго келбеген окуя болчу.

Ишкерлердин айтымында, сезон башталганга чейин суроо-талапты күнөсканалар жабат. Бирок толук камсыздоого күчү жете элек.  Мындан улам, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдөн жашылчалардын аткезчилик менен кирген учурлары да бар. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору Амангелди Исаев азыркы тапта аткезчилик менен кирген товарларды жок кылуу оор болуп жатканын айтат.

— Лейлекте Кулунду деген айыл бар. Ал айылдын берки бети Кыргызстан болсо, наркы бети — Тажикстан. Ортодогу көчө аркылуу ээн-эркин аткезчилик менен жашылча алып өткөндөр бар. Булар менен күрөшүү оор болуп жатат. Биз көп жерге кайрылдык. Бирок, дагы деле токтобой жатканын айтсак болот. Анткени, азыр аткезчилик оңой эле байкалып калды. Мисалы, эрте жазда чыкчу пияз бизде быша элек, Тажикстанда бышкан. Аны биздин базарлардан да кезиктирүүгө болот. Анын үстүнө, аткезчилик менен кирген учурда алар бизге Кыргызстанда өндүрүлгөн деген сертификат сурап келишет. Биз айыл өкмөттөн маалымкат алып келүүсүн талап кылабыз. Бирок айыл өкмөттөр да берүүдөн коркот. Уруксаты жок болгондуктан, ошол жердеги базарга эле сатууга аргасыз болушат. Биз аркылуу башка өлкөгө чыга албайт. Бирок биздин базарларга сата беришет.

Кыргызстанда жалпысынан 180 гектарга жакын күнөскана бар. Алар азырынча калктын жашылча-жемишке болгон муктаждыгынын 10 %ын гана камсыздай алат.

Copyright © 2017 Maral FM