Биз менен байланышыңыз

«Айыл өкмөттөрдү кыскартуу менен өнүгүп кетебиз деген нерсе жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Апр 2019 | 820 | 0

Айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуу менен өнүгүп кетебиз деген нерсе жок. Мындай пикирин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттөрдүн 83 %ы дотацияда турганда, Кыргызстан аларды ирилештирип, бир күндө Германия болуп кете албайт.

«Айыл өкмөттөрдү ирилештирүүдө чек арага жакын, көп улутутуу, түрдүү дин агымындагы айыл өкмөттөр бар. Айыл өкмөт башчыларын эл түз шайлаган убакта көпчүлүгү популисттик кадамдар менен тандалып калат. Бүгүнкү күндө элди бөлүп албайбызбы? Элибиз саясатташкан. Эртең чыр чыгып кетпеши керек. Ыйгарым укукка ээ жергиликтүү өз алдынча башкаруу багытында иштей турган орган түзүлүшү зарыл», — дейт Салиев.

Ал буга кошумча, ар бир жаран өзү жашаган жерин оңдоого аракет кылышы керек экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM