Биз менен байланышыңыз

Былтыр болгону 4 айыл өкмөт дотациялык тизмеден чыкты

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 358 | 0

Тийиштүү мамлекеттик органдарга ар бир район жана облуста жериндеги жетекчилердин ишинин натыйжалуулугуна инспектордук текшерүү жүргүзүү милдеттендирилди. Муну менен катар Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана район жетекчилерине 2020-жылдагы ишинин деталдуу планын түзүү тапшырмасы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин облустук жана райондук администрациялардын башчылары менен болгон кеңешмесинде берилди.

Мухаммедкалый Абылгазиев иште жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше түзүмүн калыптандырууга өзгөчө көңүл буруу керектигин, анткени мындан алардын жашоого жөндөмдүүлүгү түздөн-түз көз каранды экендигин белгиледи.

2019-жылы киреше салыгын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджетке кошумча 2,4 млрд сом түшкөн, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешеси 1,5 эсе өскөн (5 млрд сомдон 7,4 млрд сомго чейин). Мындан тышкары 2020-жылы алар кошумча 2,3 млрд сом алышкан, натыйжада алардын кирешелери 9,7 млрд сомго чейин көбөйөт.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2020-жылы дотациядагы айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуу боюнча иштер активдештирилет.

«Айыл өкмөттөрдүн 80% ашыгы дотацияда. 2019-жылы болгону 4 айыл өкмөт дотациялык тизмеден чыга алды. Быйыл биз алдыбызга абдан чоң максатты койдук – 40 айыл өкмөт дотациядан чыгыш керек. Бул үчүн  жакынкы убакытта иш жүзүнө аша турган механизмдер иштелип чыгууда», — деди Премьер-министр.

Ошондой эле, Мухаммедкалый Абылгазиев жакында район акимдеринин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоор бекитилерин эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM