Биз менен байланышыңыз

«Таза аба» мыйзам долбоору иштелип жатат

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 643 | 0

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары «Таза аба» долбоoрун демилгелеп жатат. Бул тууралуу демилгечилердин бири Жанар Акаев социалдык баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, долбоордо абанын булганышына таасир эткен бардык көрүнүштөргө карата чаралар көрүлөт.

«Бул мыйзам долбоорунда экологияны коргоо, абанын булганышын азайтуу, электромобиль, гибриддик автоунаалардын салыгын жеңилдиктер сыяктуу бир нече ойлор камтылган», — дейт депутат.

Ал ошондой эле «Кыргызстанда экологияны жашыртуу боюнча сизде кандай сунуш бар?», — деп коомчулукка суроо салат.

Copyright © 2017 Maral FM