Биз менен байланышыңыз

«2020-жылы аймактык-администрациялык реформа пилоттук түрдө иштеши мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Апр 2019 | 667 | 0

Учурда калкынын саны 1 миңге жетпеген 6 айыл өкмөтү бар. Ал эми 67 айыл өкмөтү бир гана айылдан турат. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин күчөтүү масатында мыйзам долбоорлору иштелүүдө.

Кыргызстандагы 453 айыл өкмөтүн ирилештирүү маселесинини үстүндө анализ жүргүзүлүп, алардын санын 304кө түшүрүү сунушу берилген.

«Координациялык кеңеш аймактык-администрациялык реформа жүргүзүү макстында иштерди жасайт. 2018-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү максатында мамлекеттик программа иштелип чыккан. Райондорду ирилештирүү боюнча бир канча вариант бар. Реформаны бардык маселелерди анализдеген соң жасоо зарыл. Анткени, эртен башкача оюндар болуп кетиши мүмкүн. 2019-жылы анализдер бүтүп, сунуштар даярдалат. Балким, 2020-жылы аймактык-администрациялык реформа пилоттук түрдө иштеп баштайт», — дейт Салиев.

 

Copyright © 2017 Maral FM