Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт убадасында турган жок, элди алдады»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Апр 2019 | 704 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев «Марал» радиосуна берген маегинде аймактык-администрациялык реформа боюнча иштелип чыккан жол карта даяр эмес экенин айтып, нааразычылыгын билдирди.

 «Бүгүнкү жол картага нааразымын. Анткени, өкмөттө чечкиндүүлүк жок. Жол карта даяр эмес, өкмөттүн отчетунда да бул маселе катуу талкууланды. Шайлоо алдында айыл өкмөттөрүн ирилештирүү зарыл болчу. 2018-жылдын сентябрында президент Сооронбай Жээнбековдун аймактык-администрациялык реформаны баштоо жөнүндөгү жарлыгы чыкканда кубангам. Бирок, жумушчу топ түзүлгөн соң, 2023-жылга чейин карайбыз дегенде түңүлдүм. Анткени, реформа эч качан 5 жылдык болбойт. Реформа жасоо үчүн өкмөт башчы, вице-премьер-министр айтышы керек. Алар жумушчу топ иштеп чыксын дейт. Ошондой болмок беле? Жумушчу топтун курамына анализ менен мониторингди 2023-жылга жасайбыз деген адамдар кирген. Аймактарды өнүктүрүүдө чечкиндүү кадамдарга барып, жергиликтүү бюджетти көбөйтүүгө алып келсек, облустарда ири жумуш орундуу ишканалары түзсөк деген ой бар эле. Бирок ишке ашырыла элек», — дейт Бокоев.

Анын айтымында, райондор ирилештирилген соң, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укугун акимдерге берүү зарыл. Анткени, айыл өкмөттөрдү же райондорду ирилештиргенде каражат үнөмдөлөт.

Мындан сырткары, көп айылдан түзүлгөн айыл өкмөттөр чечкиндүү иштеп жатат.

«Вице-премьер-министр баш болгон координациялык кеңеш иштей албай калды. Өкмөт убадасында турган жок, элди алдады. Билим берүү чыгымдарын толук респуликалык бюджетке өткөрүүгө аракет жок. 2021-жылдан тарта киргизебиз дешти. Ага чейин азыркы өкмөт турбайт. Анткени, 2020-жылы жаңы парламент келип, өкмөт жаңыланат», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM