Биз менен байланышыңыз

Уран кенин казууга каршы митинг Бишкекте уланат

Коом | 29 Апр 2019 | 756 | 0

Балыкчы шаардык мэриясынын алдында Ысык-Көлдүн тургундары нааразычылык акция өткөрүштү. Акциянын катышуучулары Кыргызстанда уранды иштетпөө мыйзамын кабыл алууну талап кылышты.

Балыкчы шаарында уюшулган тынчтык митингде алгач 200гө жакын эл чогулган. Анда Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы чакырыктар айтылып, өкмөт мындан ары тоо кен тармагына лицензия берүүнү токтотуп, таптакыр тыюу салынсын деген талап коюшту. Демилгечил активисттер урандын зыяндуу жактары боюнча мындай пикирлерин айтышты:

— Президент элдин таламын угуп, бизди коргой турган жерде болчу. Башка мамлекеттин өкүлдөрүнүн бизге бийлик жүргүзгөнгө кандай акысы бар? Урандын бизге пайдасы жок, тескерисинче, зыяны көп. Карапайым эл чындыгында өзүн-өзү эле багып келатат. 

— Уранга каршы чыкканыбыздын себеби, эртеӊки Кыргызстандын келечеги үчүн. Жеке эле ысык-көлдүктөр эмес, бул маселени өлкөдөгү бардык адам ойлонушу керек.

— Биз урпактарыбыздын мунжу-майып болуп төрөлүшүн каалабайбыз. Уранды иштетүүнүн таптакыр кереги жок. Биротоло жабылышын талап кылабыз.

Ал ортодо чогулгандардын саны дагы көбөйүп, 300-400гө чамалады. Анткени, нааразычылык акциясы Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш менен уланмак. Бирок, Балыкчы шаарынын соту 28-апрелде «Митинг өткөрүүгө гана уруксат берилет, жөө жүрүш болбосун», — деген өкүм чыгарган. Соттун бул чечимине нааразы болгон активист Марат Акатов: «Бишкекке болгон жүрүштү жол кыймылына жолтоо болбой жасамакпыз», — дейт.

— Уран кени — ажыдаар, алаамат. Кыргыз элине жакшылык алып келбейт. Калкты тукум курут кылат. Бизге каршы чыгып жаткандарга карабай, эл-жерибизди сактайлы деп аракет кылып жатабыз. Жөө жүрүшкө 10 киши болсок да, тротуар менен эч кимдин жолун тоспой, унаа кыймылына жолтоо болбой чыгалы дегенбиз.

Бирок, борбор калааны көздөй бет алгандар Балыкчы шаарынын автобекетинен милиция кызматкерлери тарабынан токтотулду. Калкка тынчтык жолу менен түшүндүрмө берилгенин облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.

— Балыкчыда өткөн тынчтык митингинде ШИИБдин кызматкерлери коомдук тартипти сактоо боюнча иш алып барышты.  Айрым катышуучулар Бишкек шаарына жөө жүрүш менен аттанабыз деген демилге көтөргөн. Бирок, нааразычылык акцияны уюштургандарга унааларга тоскоолдук жаратары айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Талапты аткарууда мыйзам бузуу катталган жок.

Ошентсе да, өлкө ичиндеги уран кендерин каздырбоо үчүн аягына чейин күрөшөбүз деген демилгечи топ Бишкекке болгон сапарын автоунаалар менен улантышты. Алар экологияга жана элдин саламаттыгына зыяны тиет деген мурдагы позицияны карманып, намыс үчүн бара жаткандарын билдиришти.

— Айрым жарандар биздин тынчтык митингине чыгып, Бишкекке чейин барганыбызды бекерпоз катары ойлошу мүмкүн. Бирок, биздин демилгечи топту жумушу жок жөн эле бара жатат дегенден алысмын. Айрыкча, азыр баарыбыздын ишибиз күчөп турган маал. Биз көтөргөн маселе элдин пайдасына чечилиши үчүн аз да болсо салым кошолу деп, намыстанып жөнөп жатабыз.

Маалымдай кетсек, буга чейин ушундай эле тынчтык митинги Бишкек шаарында да өткөн. Ал эми Кызыл- Омполдогу уран кенине байланыштуу акыркы нааразычылыктан кийин КР Ѳкмөтүнүн вице-премьер министри К.Боронов Ысык-Көлдүктөр менен жолугуп, «Юразия Кыргызстан» компаниясынан лицензия алынганын, геологиялык чалгындоого менен кайра иштетүүгө тыюуу салынганын айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM