Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Ошто аялдардын укугун коргоо боюнча жөө жүрүш өттү

Кыска кабар | 8 Мар 2021 | 640 | 0

Бүгүн, 8-мартта Бишкек жана Ош шаарларында аялдардын укугу үчүн жөө жүрүштөр өттү. Иш-чара алгач Ошто башталып, ага элүүдөй адам катышты.

Бишкектеги «Аялдардын тилектештик маршы» саат 13:00дө Ак үйдүн алдынан башталып, жүздөгөн жаран катышканы айтылды. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жатат.

Анда аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө чакырыктар айтылып, талаптар болду.

Эскерте кетсек, былтыр да 8-мартта ушундай жөө жүрүш уюштурулуп өткөн. Бирок, белгисиз адамдар тарабынан жөө жүрүш үзгүлтүккө учурап, милиция кызматкерлери уюштуруучуларды кармап кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM