Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев мамлекетти талкалай турган адам экенин мурда эле билгем»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2019 | 826 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекетти талкалай турган адам экенин мурда эле билгем. Мындай пикирин саясатчы Бекболот Талгарбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Талгарбеков Атамбаевди абдан жакшы билерин, экөөнүн жакын мамилеси болгонун айтат.

«Мамилебиз бар болчу. Бир кезде үйүмдө конок болуп, мени ресторанда коноктогон. Ортодо жеке таарыныч жок. Бирок, мен анын мамлекетти талкалай турганын мурда эле билгем. Атамбаев өзүнүн эмгек жолун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду алдап баштаган. Ал президент болгон соң, ар бир кадамын жазып, анализдеп тургам. Атамбаев мени кызматка чакырса да бармак эмесмин», — дейт Талгарбеков.

Ал Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин убагында да бир нече жолу кызматка чакырылганын айтат.

«Бирок  1-2-жыл моралдык принцип жол берген жок. Кийинчерээк бийлик Максим Бакиевдин колуна өтүп баштаганын көрүп, макала жаздым. Ал эми 2010-жылы Темир Сариев вице-премьер-министр болуп турганда мени чакырып, «Байке, сизди депутат же министр кылабыз» дегенине да каршы чыктым. Мен кечирим сурап, моралдык укугум жок дедим. 2013-жылы Өмүрбек Текебаев парламентке депутат болууну сунуштады. Мен Атамбаевдин жолу терс тарапка кетип бара жатканын айтып, баш тарттым. Парламентке келип көпчүлүк кирсем, бийликти кантип сындайм? Ага менин моралдык укугум жок эле», — дейт Талгарбеков.

Белгилей кетсек, «Элдик парламент» оппозициялык бирикмесинин жетекчилерине карата Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети тарабынан 2016-жылдын май айында кылмыш иши козголгон. Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана башкалар «бийликти күч менен басып алууга даярдануу» беренеси менен айыпталышкан. Прокурорлор мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн Талгарбековду 17 жылга эркинен ажыратууну сурашкан.

«Терроризм жана экстремизм менен кармалгандардын абагында жатканымда да саясат бар. Башында 8-12-жылга эркиндиктен ажыратуу каралган эле. Бирок Атамбаев менен Сегизбаев атайын мыйзам кабыл алдырып, дагы 5 жыл кошумча мөөнөт коштурушкан», — дейт Талгарбеков.

Кошумчалай кетсек, Талгарбеков 2019-жылдын 7-мартында эркиндикке чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM