Биз менен байланышыңыз

Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду сотко берди

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 570 | 0

Жалил Атамбаев «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковду сотко берди. Мындай маалыматты журналист өзү «Марал» радиосуна ырастады.

Анда Атамбаев Ош шаардык сотуна кайрылып, моралдык чыгым катары Ысаковдон 50 млн. сом өндүрүп берүүсүн өтүнгөн.

Журналист иликтөө даярдап жатканда, Жалил Атамбаевдин да пикирин берүүгө аракет кылганын айтты.

Кошумчалай кетсек, Ыдырыс Ысаков «Ош: салыктан буйтаган ишкерлер» деген аталыштагы иликтөөнү жарыялап, анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу да сөз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM