Биз менен байланышыңыз

Ыдырыс Ысаков эми салык темасын көбүрөөк чагылдырат

Саясат | 8 мая 2019 | 1438 | 0

7-майда ишкер Жалил Атамбаев «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковго карата 50 млн. сом талап кылган доо арызын кайтарып алды. Бул сөз эркиндиги корголгонунан кабар береби, же соттук иштер сүйлөшүү жолу менен чечилип жатканын айгинелейби? Айрым серепчилер ишкердин журналистти сотко бериши башка ЖМК өкүлдөрүн да чочулатканын белгилешет. Ал эми Ыдырыс Исаков өзү кандай ойдо? 

Жогорку Кеңештин 8-майдагы отурумунда вице-спикер Аида Касымалиева журналист Ыдырыс Исаков менен ишкер Жалил Атамбаев тууралуу кайрылуу жасады. Ал Атамбаевдин Исаковго карата жазган доо арызын кайтарып алышы журналисттердин жеңиши болгону менен коррупцияга каршы күрөштүн жеңиши эмес экенин белгиледи.

Доо арызды кайтарып алуу биздин мамлекет үчүн коррупцияга каршы күрөштүн жеңиши эмес. Жалил Атамбаевдин маселеси, 50 млн. сом көмүскө экономикага, коррупция менен күрөшкө кирет. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондуктан суранам, парламент өз милдетин так аткарып, ушул ишти, мындан аркы иштерди тыгыз иликтеп, чечим чыгарышыбыз керек. Ал эми таза иштеген ишкерлерди колдоого алышыбыз зарыл.

Милициянын мурдагы полковниги Жалил Атамбаев журналисттен 50 миллион сом өндүрүп берүү үчүн сотко жазган арызын 7-май күнү кайтарып алды. Анын жактоочусу Шумкарбек Абдыжапаров «Марал» радиосуна «Ыйык Рамазан айында журналист менен соттошпойлу деп чечтик», — деп билдирди.

— Доо арызыбызды кайтарып алдык. Мусулмандардын эң улуу айында соттошпой, жарашууга келели деген чакырыкка үлгү болсун деп Исаковду кечирдик. 

Ошондон кийин эле Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Жалил Атамбаев менен жолукканын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Эл өкүлү ага «Сөз эркиндигин сот аркылуу муунтам дегениңиз туура эмес», — дегенин, андан соң ишкер дароо арызынан баш тартканын да жазган.

Сулаймановдун бул пикири коомчулукта ар кандай талкууланууда. Бирок депутат бул иш коомчулуктун жана сөз эркиндигинин жеңиши экендигине токтолгон.

— Урматтуу достор, журналист Ыдырыс Исаков жөнүндө билдирүүдөн кийин Жалил Атамбаев менен жолугуп сүйлөштүк. Ал кишиге «сөз эркиндигин сот аркылуу муунтам дегениңиз туура эмес», — деп түшүндүрүп айттым. 

Деген менен социалдык тармактарда: «Сулайманов сөз эркиндигине күйгөнү менен, Атамбаевге кысым көрсөтүп, ушундай чечим кабыл алдырса керек», — деген пикирлер да жок эмес.

Активист Гүлжигит Исаков соттошуулар сүйлөшүү жолу менен чечилип жатканын билдирди. Анын баамында, кыргыз журналистикасында жең ичинен сүйлөшүп коюу көрүнүшү бар. Ыдырыс Исаков көп нерсени далили жок алып чыккан. Мындан улам, ал соттон уттуруп коймок. «Исаков окуяны тыкыр иликтеп айтып чыкканда жакшы болмок. Эми көптөгөн журналисттерде «сотко берип коёт» деген чочулоо пайда болду», — дейт Исаков.

— Элдин көбү сөз эркиндиги жеңди деген көз карашта болуп жатышат. Булар бирөөнүн буйрутмасы менен иштешет экен. Алсак, мен таза иштеген бизнесмен болсом, атымды ушундай кылып булгап чыгышса, аягына чейин соттошмокмун. Жок дегенде мурдагы макаласын төгүндөгөн материал жарыялап, кечирим суроосун талап кылат элем. Атамбаев Исаковду сотко берген соң, аягына чыкса жакшы болмок. Эми соттошпой, унчукпай туруп калды. Бул көп нерседен кабар берип жатат. Бирөөлөр буйрутма берип, «Атамбаевден бир нерсе өндүрүп алабыз», — деп ойлошкон. Бирок Атамбаев карап көрдү, журналист алып чыккан далилдер юридикалык жактан алып караганда жетишсиз болуп калганын билип, соттун ута тургандай деңгээлге жеткенде, беркилер (ред. буйрутма бергендер) аны түшүнүп, кайра артка чегинди. Башкача айтканда, чабуулун токтотуп калышты. Бул окуя журналисттердин эркиндигине таасир этпейт. Болгону ЖМК өкүлдөрүн «Эмне деп гана айтпа, сөзүңө жооп берип, далил менен чык», — дегенге чакырып жатат. 

Бирок журналист Ыдырыс Исаков Жалил Атамбаев боюнча далилдүү маалыматтарды чогултканын жана аягына чейин соттошууга даяр турганын билдирди. Анын айтымында, Атамбаев боюнча кошумча маалыматтарды кызыккан журналисттерге, тийиштүү органдарга берет. Мындан ары салык темасына көбүрөөк басым жасайт.

— Мен Атамбаевдин кечиримине муктаж эмес болчумун. Соттон утамбы, утуламбы, кыргыз коомчулугуна дээрлик пайдасы жок. Пайда качан болот? Качан гана коомчулук ойгонуп, салык кызматын көзөмөлдөө деңгээлине жеткенде гана болот. Салык көзөмөлдөнсө бюджет көтөрүлүп, мугалимдердин маянасы өсөт, бала бакча жана мектептер салынат. Мен маалыматтарды ачык булактардан алдым. Каржы министрлигинин Ачык бюджет  порталында маалыматтар даана көрүнүп турат. Далилдерди дагы күтөбүз. Учурда Финпол текшерип баштаганын айтты. Алар иликтеп, баасын берсин. Чындыкты таратып айтканым үчүн эмнеге коркуп калышым керек? Эми мен салык темасына басым жасап, көбүрөөк чагылдырам деген ойдо турам.   

Бирок медиа серепчи Азамат Тынаев доо арыздын кайтарылып алынышын журналисттердин жеңиши катары эсептебейт. Анткени, коомчулук Атамбаевдин Исаковго карата доо арызын кайтарып алуусунан сырткары, «Коррупцияга каршы күрөш көз боёмочулук үчүн айтылып жатабы, же бийлик чыны менен эле күрөшкүсү келип жатабы?» — деген суроо койгонун айтат. Ал эми Атамбаевдин доо арызын кайтарып алары күтүлүп жаткан маселе болгонун белгиледи.

— Исаков материалдын үстүндө кылдаттык менен иштеп, аны кызыктуу фактылар менен коомчулукка сунган. Былтыртан бери коррупцияга каршы аёосуз күрөшөбүз деген менен ушундай чоң бизнесмендердин салык төлөбөгөнү ойго сала турган маселе. Ыдырыстын материалы абдан чоң чакырык болуп жатат. Андан сырткары, Ыдырыс келтирген фактылар аягына чейин териштирилип, жыйынтык чыгарылышы керек. Мына ошондо гана максатка жеттик деп айта алабыз. Бул маселени көтөрүп, сүйлөп баштагандан кийин бир нече күн чиновниктер үн катпай, жымжырт болуп калышты. Алтынбек Сулайманов пиар кылды дегенге такыр каршымын. Жок, баары унчукпай жүргөн жагдайда эл өкүлү чыгып, так-ачык айтканы абдан жакшы нерсе. Ал аябай керектүү кадам болчу. 

Эске салсак, 29-апрелде Жалил Атамбаев «Азаттык» радиосунун Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдун үстүнөн сотко арыз жазып, 50 млн. сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Ал: «Журналист даярдаган «Ош: салыктан качкан ишкерлер» аттуу иликтөө материалы аркылуу мени негизсиз каралаган», — деген доо койгон.

Copyright © 2017 Maral FM