Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Жалил Атамбаевге түшүндүрүп айтканым үчүн доо арызын алды

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 1038 | 0

«Сөз эркиндигин сот аркылуу муунтам дегениңиз туура эмес», — деп Жалил Атамбаевге айтканын жана аны туура кабыл алып, ал доо арызын дароо кайтарып алганын Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Алтынбек Сулаймановдун айтымында, Ыдырыс Ысыков жөнүндөгү билдирүүдөн кийин Жалил Атамбаев менен жолугушуп сүйлөшүп, түшүндүрүп айткан. Жалил Атамбаев болсо туура кабыл алып, доо арызын кайтарып алган.

Ошондой эле, Алтынбек Сулайманов бул иштин коомчулуктун жана сөз эркиндигинин жеңиши экендигине токтолгон.

Кошумчалай кетсек, 29-апрелде Жалил Атамбаев «Азаттык» радиосунун Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдун үстүнөн сотко арыз жазып, 50 млн. сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Ал: «Журналист даярдаган «Ош: салыктан качкан ишкерлер» аттуу иликтөө материалы аркылуу мени негизсиз каралаган», — деген доо койгон.

Copyright © 2017 Maral FM