Биз менен байланышыңыз

«Саясий кырдаал Кытай менен кызматташууга түрткү болуп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2019 | 605 | 0

«Кабар» мамлекеттик агенттигинин директору, медиасерепчи Кубан Абдымен «Марал» радиосуна берген маегинде «Бир алкак – бир жол» II эл аралык форуму максатына жетиши бир гана Кытайдан эмес, дүйнө жүзүнүн өнүгүшүнөн көз каранды экенин билдирди.

Анын айтымында, Кытай бир гана Кыргызстанга кызыккан жок. Алар чыгарып жаткан өндүрүмдөрүн сатуу үчүн чет өлкөгө чыгууга кыска жол издеп жатат.

«Бул жагынан Кыргызстан транзиттик өлкө болгондуктан, кызыгуу бар. Кытай кошуна өлкөлөрдү ирдентсек, алар биздин товарды сатып алат деген саясатын жүргүзүүдө. Саясий кырдаал Кытай менен кызматташууга түрткү болуп жатат», — дейт Абдымен.

Ал буга кошумча, Кытай менен атаандашып Кыргызстанга кирүүнү көздөгөн мамлекеттер көп экенин белгиледи.

Эске салсак, «Бир алкак – бир жол» II форуму Кытайдын Пекин шаарында 25-27-апрель күндөрү өткөн. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана башка 37 мамлекеттин президенти, айрым өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM