Биз менен байланышыңыз

«Кытайдын пайдасын башкалар көрүп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2019 | 553 | 0

«Кабар» мамлекеттик агенттигинин директору, медиасерепчи Кубан Абдымен «Марал» радиосуна берген маегинде кыргыз-кытай алакасы жакшы болгону менен эки өлкө ортосунда товардын агымы бирдей болбой жатканын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда да Кытайдан чочулоо болушу зарыл. Бирок, өлкө экономиканын алына жараша иштесе, Кытай ивестициясын улантат.

Кыргызстан туруктуу, саясий кырдаалда турса, башка мамлекеттер ошого жараша мамиле кылат да, эч кандай таасир тийгизе албайт.

Ошол эле убакта, Кыргызстандын экономикасы жаңыдан өнүгүп жатканда Кытайдан алган карыздарды толук төлөгөндөй мүмкүнчүлүк түзүү зарыл.

«Кыргызстан өнүгөм десе, саясий багыттан артта калбашы керек. Кен байлыктарды иштетүү максатын койсок, сырттан акча алмайынча өнүктүрө албайбыз. Кытай карыз менен кошо керектүү технология жана адистерди берип жатат. Биз ааламдашуу процессинен алыс болсок, өнүгүүдөн артта калабыз. Кытайдан келген товарды сатуу менен канча кыргыз ирденди. «Булардын жакшылыгын көрө албасаңар биз көрөбүз» деп, казактар «Хоргосту» ачып алышты. Ошентип, алардын пайдасын башкалар көрүп жатат», — дейт Абдымен.

Ал кошумчалагандай, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга атайын мамлекеттик иш сапары менен келет. Ошондо эки өлкө ортосунда ири келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.

Эске салсак, «Бир алкак – бир жол» II форуму Кытайдын Пекин шаарында 25-27-апрель күндөрү өткөн. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана башка 37 мамлекеттин президенти, айрым өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM