Биз менен байланышыңыз

Абдымен: АКШ менен Батыш Кытайдын өнүгүүсүнөн чочулап жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2019 | 686 | 0

«Кабар» мамлекеттик агенттигинин директору, медиасерепчи Кубан Абдымен «Марал» радиосуна берген маегинде Кытайдын «Бир алкак – бир жол» II эл аралык форумун АКШ жана Батыш мамлекеттери атаандаштык катары көрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Кытай акыркы 30 жылда ири өзгөрүүлөргө жетишти. Бирок АКШ ага каршы чыгып, Кытайдын өнүгүүсүнөн чочулап жатат. Батыш ааламдашуу процесси алгач Кытайга чоң пайда алып келгенин түшүндү.

«АКШ менен Батыш Кытайдын потенциалы күчтүү экенин көрүп, эми тоскоолдук кылуу аракети байкалат. Алар Кытайды карыз берүү менен башка өлкөлөрдү башкарууга өтүп жатат деп күнөөлөөдө. Бирок, Кытайдын максаты баарын багынтуу болсо да, аны ишке ашыра албайт. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин экономика өзүнчө багытта кетет деп жатат. Ал «Бир алкак – бир жол» демилгенсинин алкагында мамлекеттердеги аналитикалык борборлорду бириктирип, чогуу иш алып барууну колдоду. Евробиримдиктин ичиндеги өлкөлөр да Кытайга ыктап жатканы көрүп жатабыз», — дейт Абдымен.

Ал кошумчалагандай, Кытай Кыргызстанга салыштырмалуу Белоруссия менен жакшы мамиледе. Мындан улам, аталган өлкөдө маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда. Буга Белоруссиядагы бир полярдуу бийлик да шарт түзүп берүүдө.

Эске салсак, «Бир алкак – бир жол» II форуму Кытайдын Пекин шаарында 25-27-апрель күндөрү өткөн. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана башка 37 мамлекеттин президенти, айрым өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM