Биз менен байланышыңыз

Саясатчылар чыгарып кеткен каражаттар кайта баштайт

Саясат , Экономика | 6 Мар 2019 | 1366 | 0

Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жана анын жакындары өлкөдөн чыгарып кеткен мыйзамсыз мүлктөрдү издөө иштерин улантат.

Экс-президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары мыйзамсыз чыгарып кеткен каражаттарды кайтарууга Европа мамлекеттеринин атайын кызматтары тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташуу башталды. Мындан улам издөө иштерин улантып жатканын башкы көзөмөл органынын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдирди.

Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын  айланасындагылардын өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгып кеткен активдерин издөө иштерин улантат. Бул үчүн биз тараптан АКШнын, Улуу Британиянын, Швейцариянын, Лихтенштейн жана Кытайдын тиешелүү кызматтары менен азыркы учурда иш алып баруудабыз. Бакиевдердин мыйзамсыз мүлктөрүн аныктап Башкы прокуратура Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттиги менен меморандумга кол коюу пландаштырылууда.

Эл аралык эксперттер Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттын суммасы 250-300 млн долларга чамалап, АКШда эле 70 млн доллар активдери бар деп жүрүшөт.

Учурда анын 4,6 млн долларын кайтаруу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду. Мындай келишим Борбор Азия өлкөлөрүнүн тарыхында биринчи түзүлдү. Тагыраагы Америка Кошмо Штаты чечкиндүү түрдө каражатты кайтарган жалгыз факт болуп калды.

Бирок АКШ тарап айтылган сумманы которулду дегени менен Кыргызстандын Каржы министрлиги  эсепке түшө элек деген маалыматты берүүдө. Азыркы тапта эки тараптуу процедуралык иштер жүргүзүлүп жатат.

Канткен күндө да АКШнын бул кадамы кыргыз бийлигинин коррупцияга каршы күрөшүн колдоого алгандагысы болуп калаарын медиаэксперт Кубан Абдымен айтат.

Чындап келгенде мындай окуялар чанда гана кездешет. Албетте Кыргызстандан чыгарылып кеткен каражаттын көлөмү 4,5 млн доллар эмес. Мүмкүн 4 млрд доллар. Бирок бул алгачкы кадамдары десек туура болот. Мунун артында азыркы бийликтин коррупцияга каршы алып барган ишин колдоо катары жасады деп ойлойм.

Эми бир гана АКШга чыгарылып кеткен каражатты эмес, Улуу Британиядагы мүлктөрдү кайтарууга жол ачылганын саясатчы Равшан Жээнбеков айтууда. Анткени Европа мамлекеттеринде активдер боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилгени Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Жаңы мыйзамда АКШда сакталган каражаттар тууралуу ар бир кардар толук маалымат берүүгө милдеттүү. Ошондуктан кылтакка Бакиевдер тобу илингенин белгилейт.

Азыр мыйзамсыз кирген же чыккан акчаны табуу жолдору бир топ жеңилдеди. Мурда ошол эле Америка же Англиядагы кайсы бир Кыргызстандан чыгарып кеткен акча боюнча Өкмөт иштесе, азыр акчаны чыгарып бараткандай өздөрү иштеп калды. Мындай талап Орусиядагы ири көлөмдөгү акчалар чыгарылып, Европа мамлекеттерине сакталганы үчүн алар дагы мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди. Ал өлкөлөргө ким акча чыгарып барса, анын адал эмгек менен табылганын өзү аныктап калды. Ошондуктан Өкмөткө иштөө жеңил болуп калды.

А бирок Кыргызстан каражаттарды кайтаруу боюнча далилдерди толук берүүгө дарамети өтө аз. Себеби, бул жаатта тажрыйбалуу адистер жок болуп жаткандыгын “Трансперенс Интернешнл” уюмунун Кыргызстанагы өкүлү Адылбек Шаршенбаев билдирет. Эгер сапатка көңүл бурулса, башка жолдор менен чыгып кеткен каражаттарды кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бар.

Коррупциялык каражаттарды алып чыгып кетүү боюнча 2010-жылы Бакиевдер Латвияда жүргөндө Бириккен улуттар уюмунун коррупцияга каршы конвенциясынын алкагында Максим Бакиевди артка кайтарсак болмок. Бирок бийлик тараптан андай иштер жүргүзүлгөн жок. Анткени бизде андай иштерди алып бара турган тажрыйбалуу адистер жок.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мыйзамсыз алып кеткен 4,6 млн доллар  өлчөмүндөгү мүлкүн Кыргызстанга которууга боюнча эки тараптуу келишимге Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынынын жардамчысынын орун басары Лис Уэллс кол койгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM