Биз менен байланышыңыз

Президент коронавирустун алдын-алуу чараларын күчөтүүгө чакырды

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 1047 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды күнү-түнү мониторинг жүргүзүү зарылдыгын айтып, зарыл болгон бардык алдын-алуу чараларын күчөтүүгө чакырды жана азыркы кырдаал тууралуу так эмес маалыматтарды таркатууга жол бербөө максатында өлкө калкын дайыма маалымдоонун маанилүү экенин кечээ, 27-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен, Мамлекет башчысынын Аппарат жетекчилигинин, айрым Өкмөт мүчөлөрүнүн, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Кытайда жана башка өлкөлөрдө жайылып бара жаткан жаңы коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө Кыргызстандын аймагында вирустун пайда болушуна жол бербөө боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин күчөтүүнү сунуштады.

Кеңешмеде конкреттүү участоктордо профилактикалык чараларды көрүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлөрү өзгөчө белгиленди.

Учурда республика боюнча бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган эмес, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүлөр дене табын өлчөгүчтөр менен санитардык-карантиндик пункттардын адистери тарабынан ишке ашырылууда.

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын аймагында бүгүнкү күндө 4614 кыргызстандык студент бар, алардын 14ү Ухань шаарында. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги алар менен туруктуу байланышып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM