Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн медиа форуму өттү

Коом | 24 мая 2019 | 665 | 0

Бүгүн, 24-апрелде ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМКларынын медиа форуму болуп өттү. Анда ШКУнун беделинин көтөрүлүшүнө жалпыга маалымдоо каражаттарынын тийгизген таасири талкууланды.

Маалыматка ылайык, бул жылы Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып жаткандыктан, буга чейин ишкерлер форуму, аялдар форуму болуп өткөн. Алдыда ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңеши өтөт. Бул жылдагы маанилүү иш-чаранын алкагында кызматташтыкка кирген өлкөлөрдүн медиа тармагынын өкүлдөрү өз ара кызматташуунун жолдорун сүйлөшүштү. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, келген өкүлдөр ушул кызматташтыктын алкагында бирдиктүү аянтча түзүү боюнча маселе көтөрүшөт.

— ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ар биринин ар кандай саясий, экономикалык абалы бар. Антсе да, ШКУ жалпы милдетин аткарууда. Мунун алкагында ар бир тармакта өз ара талкуулар болуп жатат. Ошол аткарылып жаткан иштерди, кызматташтыкты жеткирүү, чагылдыруу маселеси ЖМКларга тиешелүү. 

Медиа серепчи Кубан Абдымен медиа жаатындагы жаңы технология жагынан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү Кыргызстанга караганда бир топ алдыда экенин айтат. Ушул багытта тажрыйба алса болот. Өзгөчө Кытай менен Индиянын жалпыга маалымдоо каражаттарын белгилеп, «Бул форум платформалык мүмкүнчүлүк», — деди.

— ШКУга кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү технология жагынан бизден алдыда. Өзгөчө Индия, Кытайды айтса болот. Албетте, алардан ала турган көп нерсе бар. Мындай медиа форумдар платформа болуп бере алат. Мисалы, Кытай бир гана ШКУнун алкагында эмес, дүйнөдө да технология жагынан алдыда. Ошондуктан, бул форум — чоң мүмкүнчүлүк.

Ал эми журналист Кубат Чекиров мындай аянтчаларда сөз эркиндиги, цензура сыяктуу маселелер күн тартибине ачык коюлбаса да, журналисттер арасында ич ара кызматташтыктын негизинде ачык маалымат алууга шарт түзүлүшү керек деген оюн айтат.

— Маселен, «Кытайдагы эмгек лагерлери» деген тема бар. Албетте, биздин Кытайдагы кесиптештер аны кандайдыр бир деңгээлде цензура менен чагылдырып жатышат. Ал жөнүндө бизге так маалымат жетпей келет. Ошондуктан, чындыкты чагылдыруу үчүн журналисттерге шарт болушу керек. Мындай аянтчаларда күн тартибине ачык коюлбаса да, кесиптештер менен кызматташууга, эркин пикир алышууга мүмкүнчүлүк болушу шарт.

Индияда 915тен ашык ЖМК бар. Индиянын маалымат жана технологиялар боюнча министри Анкур Лакота аларда сөз эркиндиги сакталганы менен айрым талаштуу учурларда тактоо маселеси маанилүү экенин белгилейт. «Ошондуктан, бул форумда так жана туура маалымат берүү эң негизги милдет катары аткарылышы керек», — дейт.

— Биз талкуулай турган эң башкы маселе маалыматтын тактыгы болуш керек. Анткени, азыр дүйнө жүзүндө маалымат так жана туура экени талкууланбай туруп, жарыяланып жатат. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомду калыптандырууда орду чоң.

Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн медиа форумга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да катышты. Өз сөзүндө өлкө башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМКлар катализатор боло аларын белгиледи.

Биздин өлкөдө маалымат каражаттарына мамиле өзгөчө – ага ишенишет жана ага кулак салышат. Анткени, сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын көз карандысыздыгы биздин коомдун көптөн берки кармаган салты болуп калган. Маалымат каражаттары бизде жарандык коомдун жарчысы болуп, коомдук маанайды аныктап турат. Жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат. Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ЖМКлар аркылуу билип турушат. Ошондуктан, бизде ЖМК үчүн жабык тема жок десек болот. 

Белгилей кетсек, ШКУ өлкөлөрүнө Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

Copyright © 2017 Maral FM