Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: Кытай баары бир таасирин күчөтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2019 | 730 | 0

Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде Кытай «Бир алкак – бир жол»  долбоору аркылуу эл аралык таасирин кеңейтүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, Орто Азия Кытай үчүн да маанилүү. Ошондуктан, Кытай баары бир таасирин күчөтөт. Азияда бир да мамлекет Кытайды «игнор» кыла албайт. Бул жерде ыңгайлу шарттарды издеген оң.

«Кыргыздар генетикалык негизде кытайлардан чочулап турабыз, аны эч ким жашырган жок. Бирок, Кытай менен алаканы токтотуп коё албайбыз. Кытайдан коркпой стабилдүү саясат жүргүзүп, өз кызыкчылыгыбызды коргошубуз зарыл. Коркуп жата бергенден пайда жок. Кытайдын өнүгүп келе жаткан экономкасынан пайда табуу жолун издешибиз керек. Учурда өлкөлөр арасында идеологиялык карама-каршылыктар жок. Азыр экономика, адам ресурстары, жаңы технологиялар аркылуу башкаларга таасир берүү бар. Андыктан, Кытайдын технологиясын, акчасын алсак да, колдон келсе, адам ресурсун азыраак алсак. Кыргызстанга да коркунуч бар. Мындан улам, Кытай менен акылдуу саясат жүргүзүү зарыл. Өз тарыхыбызды, тамак-аш, тилибизди бербешибиз керек», — дейт Акматалиев.

Ал буга кошумча, Кыргызстан бирөөнүн колунда оюнчук болбой көп векторлуу, стабилдүү саясат жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

Эске салсак, «Бир алкак – бир жол» II эл аралык форуму Кытайдын Пекин шаарында 25-27-апрель күндөрү өткөн. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана башка 37 мамлекеттин президенти, айрым өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM