Биз менен байланышыңыз

Президент “Экспо-2019” көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын жарманке павильонуна барды

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 499 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын борбору Пекинде “Экспо-2019” Эл аралык көргөзмөдөгү Кыргызстандын жарманке павильонуна барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Кытай Эл Республикасындагы жумушчу сапарынын алкагында барган мамлекет башчысы павильонду көрүп чыгып, анын экспонаттары менен таанышты. Президент Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары көргөзмөнүн аянтчасын максималдуу колдонуусу жана кыргызстандык экологиялык таза айыл чарба продукцияларын жана өнөр жайын ири рынокко көрсөтүүсү керектигин белгиледи.

“Экспо-2019” көргөзмөсүнө 16 млн. адам келери күтүлүүдө. Президент Кыргызстандын продукцияларына эл аралык рыноктун өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу үчүн бул мүмкүнчүлүктү максималдуу колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM