Биз менен байланышыңыз

Венесуэла Америка өлкөлөрүнүн уюмунан чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 483 | 0

Венесуэланын Тышкы иштер министри Хорхе Арреаса 27-апрелде Венесуэланын Америка өлкөлөрүнүн уюмунун (Organization of American States) мүчөлүгүнөн кеткенин РИА Новости агенттиги билдирди.

Аймактык блоктон чыгууну буга чейин Венесуэланын президенти Николас Мадуро 2017-жылы апрель айында билдирген. Organization of American States уюмунан акырындык менен чыгууну президент өзү талап кылган. Бирок, уюмдан чыгуу 2 жылга созулган. Бул датаны Мадуро майрам деп жарылады.

Organization of American States уюму Мадуронун 10-январда 2025-жылга чейин президент болуп шайланышын кабыл алган эмес.

Эске салсак, Венесуэлада 21-январда Николас Мадурого каршы массалык акция башталган. Ошол эле учурда оппозиционер Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент катары жарыялаган.

Кошумчалай кетсек, Америка өлкөлөрүнүн уюму Батыш жарым шар өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык форуму болуп эсептелинет. 1948-жылы 30-апрелде Колумбияда негизделген. Уюмдун негизги милдети — Батыш жарым шарда тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, мүчө мамлекеттердин ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу жана бүтүндүгүн коргоо. Ошондой эле, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат. Уюмдун мүчөлөрү Түндүк, Түштүк жана Борбордук Американын 35 өлкөсү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM