Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү : Үшүк жүрүшү күтүлөт

Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 589 | 0

28-апрель түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы  -1…-3°  болуп үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

26-28-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 75-90-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы зарыл.

 

Copyright © 2017 Maral FM