Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин: “Бир алкак – бир жол” II эл аралык форуму жемиштүү болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 548 | 0

Кытайдагы «Бир алкак – бир жол» II эл аралык форуму жыйынтыкталды.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин иш-чараны жыйынтыктап жатып, форум өткөн жылдагыдан масштабдуу жана жыйынтыктуу болгонун белгиледи.

Анын айтымында, форумга көптөгөн мамлекеттердин катышуусу арбын натыйжа алып келди.

«Форумга катышкан өлкө лидерлери өз ара кызматташууну бекемдөө, өнүгүүнүн жаңыча булактарын издөө жана жаңы байланыштар боюнча пикир алышты. Биз жогорку сапаттагы жана пайдалуу кызматашууну илгерилетүү боюнча кеңири консенсуска жетише алдык», — деп белгиледи Си Цзиньпин.

«Бир алкак – бир жол» II форуму Кытайдын Пекин шаарында 25-27-апрель күндөрү өттү. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана башка 37 мамлекеттин президенти, айрым өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышты.

Пекиндеги форумга катышуу үчүн Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерреш жана Эл аралык валюталар фондунун директору Кристин Лагард да келген.

Copyright © 2017 Maral FM