Биз менен байланышыңыз

Питерде каза болгон мекендешибиздин жакындарына Элчилик көмөк көрсөтүүдө

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 490 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарында курулушта каза болгон мекендешибиздин жакындарына жардам көрсөтүп жатат. Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын Ардактуу Консулу окуя болгон жерге барган.

Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Питердин Карпов 31 дарегинде жайгашкан мейманкананын имаратын бузуу иштеринде кокустуктан урап кеткен топурактын астында калып, 36  жаштагы мекендешибиз каза болгон.

Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1982-жылы 9-апрелде туулган Н. О. болгон.

Жарандын сөөгү урандынын алдынан 26-апрелде чыгарылган. Азыркы кезде элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсеси маркумдун туугандарына окуяны иликтөөдө жана башка керектүү жардамдарды көргөзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM