Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Ломоносов атындагы ММУнин филиалын ачуу шарттары каралды

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 508 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Анда тараптар билим берүү тармагында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Артыкчылыктуу багыт катары Орусиянын жогорку окуу жайларында, алардын ичинде Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде кесиптик адистерди даярдоо маселелери каралды. Ошондой эле, Бишкек же Ош шаарына аталган окуу жайдын филиалын ачуу шарттары жана механизмдери талкууланды.

Тараптар Орусиянын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктарын ишке ашыруу боюнча билим берүү, илим тармактарында союздаш мамилелерди, жогорку квалификациялуу адистерди жана илимпоздорду даярдоо, ошондой эле, Евразиялык биримдиктин социалдык-маданий жана илимий багытта билим берүүнү интеграциялоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM