Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын туризм мүмкүнчүлүгү Москвада даңазаланды

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 587 | 0

Кечээ Орусиянын баш калаасы Москва шаарында «Күнөстүү Кыргызстан – Ысык-Көл — 2019» аталышындагы туристтик форум өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Форумда Кыргызстандын аймактарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрдү даңазаланып, туризм тармагынын актуалдуу жана көйгөйлүү маселелери талкууга алынды. Өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн сунуштоо боюнча пикир алмашуулар болду. Мындан сырткары, Кыргызстандын 7 аймагынын өңдүрүмдөрүнүн көргөзмөсү уюштурулду. Жыйынтыгында, форумдун катышуучуларынын кайрылуусу кабыл алынды.

Иш-чара Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен Орусиядагы кыргызстандыктардын «Ысык-Көл ынтымагы», «Ордолуу Ош», «Нарын — Теңир-Тоо», «Баткен биримдиги», «Жалал-Абад» коому, «Сары-Өзөн Чүй» жана «Талас биримдиги» диаспоралык уюмдары тарабынан уюштурулду.

Форумга Кыргызстандын облус жетекчилери, эки өлкөнүн туризм, инвестиция тармактарындагы мекемелеринин башчылары катышты.

Copyright © 2017 Maral FM