Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга жасалма паспорт менен келген тажик жараны кармалды

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 504 | 0

Чек арачылар Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз кирген Тажикстандын жаранын кармады.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Тажик жараны бүгүн Москва-Бишкек авиакаттамы менен учуп келип, «Манас» эл аралык аэропортунун көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өтүүгө аракет жасаган.

1988-жылы туулган Х. А. аттуу Тажикстандын жараны чек арадан өтүп жатып, Кыргызстандын паспортун көрсөткөн. Текшерүү учурунда документи жасалма болуп чыккан.

Тийиштүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Улуттук коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM