Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Бир алкак – бир жол» форумунда сөз сүйлөйт

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 514 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Пекин шаарына өтүп жаткан «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын II форумунда сөз сүйлөйт.

Форумдун алкагында Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушту.

Жээнбеков Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болгон бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Мамлекет башчысы форумундан тышкары жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019» көргөзмөсүнө катышат.

Ошондой эле, эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге «Достук оазиси» гүлбакчасында дарак отургузат.

Copyright © 2017 Maral FM