Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тарыхын Кытай жазма булактарынан изилдөө маселеси талкууланды

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 941 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директорунун орунбасары Тянь Бо жана Кытай Байыркы тарыхты изилдөө институтунун чет өлкөлөр менен кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ли Цзиньсю менен жолугушту.

Тарыхчылар Бишкекте биргелешкен илимий конференция уюштуруп, «Саймалуу таш» жана «Балбал таш» кыргыз жазмаларын археологиялык жактан изилдөө жүргүзүүнү каалай тургандарын белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарыхы тууралуу кытай жазма булактарын биргелешип изилдөөгө кыргыз тарап кызыкдар экенин жана илимпоздорго көмөктөшө турганын баса белгиледи.

Эске салсак, Кыяс Молдокасымов ушул жылы Пекинге барып, Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сяньчунь менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Макулдашуу Кыргызстан менен Кытайдын тарыхчыларынын жана булак таануучуларынын ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүүгө, табылган материалдарды биргелешип изилдөөгө, которуп жарыялоого, тарыхты терең ачууга мүмкүнчүлүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM