Биз менен байланышыңыз

Корея Кыргызстанга кайсы тармакка инвестиция салууга болорун изилдөөдө

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 494 | 0

Корея менен Кыргызстандын ортосундагы эки жактуу соода-экономикалык мамилелердин келечеги зор, буга байланыштуу Корея компаниялары инвестиция салууга артыкчылыктуу чөйрөлөрдү изилдешүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кореянын Жалданма компаниялар эл аралык ассоциациясынын төрагасы Ли Кун-Ки жана кореялык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу багыттар жана келечектүү биргелешкен инвестициялык кызматташуу талкууланды.

Вице-премьер-министрдин айтымында, учурда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин потенциалы толук ачылган эмес, буга байланыштуу Кыргызстан шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, гидроэнергетика, тоо кен тармагы, өнөр жай, транспорт, мейманкана комплекстерин жана туристтик жайларды куруу жана башка тармактарга корея бизнесинин катышуусуна кызыкдар.

Жалданма компаниялар эл аралык ассоциациясынын төрагасы Ли Кун-Ки өз кезегинде Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча кайра өзгөртүүлөрдү белгиледи.

Ли Кун-Ки кошумчалагандай, Кыргызстандын делегациясынын үстүбүздөгү жылы Сеул шаарында өтө турган кезектеги Дүйнөлүк инфраструктуралык кызматташуу боюнча конференцияга катышуусу өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга өбөлгө болот.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өлкөлөр ортосундагы инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган активдүү диалогду улантууга өз ара даярдыктарын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM