Биз менен байланышыңыз

Разаков: Үй-бүлөлүк себептерден улам кызматымды тапшырдым

Кыска кабар , Саясат | 11 Фев 2020 | 1854 | 0

Вице-премьер-министр Разаков өз ыктыяры кызматтан кетүүгө арыз берип, президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, тийиштүү жарлыкка кол койду.

Разаков кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топту жетектеген. Мындан улам анын дарегине бир топ сындар айтылып келет. Ал өзү кызматтан кеткенин эл арасында айтылган сын менен байланыштырбайт.

Жеңиш Разаков үй-бүлөлүк себептерден улам кызматтан кетүүнү чечкенин жана кайсы бир убакыт мамлекеттик кызматтардан алыс болуп туруу боюнча чечим чыгарганы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыкты.

Муну менен катар Разаков кызматтан кетүүсүнүн  алдыдагы парламенттик шайлоого да байланышы жок экенин белгилеген.

Айта кетсек, буга чейин айрым маалымат булактары «Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси бар» деген маалымат жарыялашкан.

2019-жылдын 17- августунда Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин «кадыр-баркыма, ар-намысыма шек келтирди» деп сотко берген.


Разаковдун ордуна аты аталып жаткан талапкерлер


Ошондой эле, Жогорку Кеңеште да Разаковдун тегерегиндеги кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жеңиш Разаков тууралуу айың кептерди иликтеп, бул маалыматтын чындыкка коошпогонун айткан.

Муну менен катар Октябрь райондук соту Разаковдун «Азия Ньюс» гезитине каршы доо арызын канааттандырып, гезитти 1 миллион сом доо төлөөгө милдеттендирген.

Мындан сырткары, кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү боюнча Бишкекте жана Баткенде өткөн митингдин катышуучулары Жеңиш Разаковдун отставкага кетүүсүн талап кылышкан.

Алар Жеңиш Разаковго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ал кызматка келгенден бери эч бир чек ара маселеси чечилбегенине нааразычылыктарын билдирип келишкен.

Айта кетсек, Жеңиш Разаков вице-премьер болуп 2018-жылдын 20-апрелинен тарта иштеп, күч түзүмдөрү жана чек ара маселелерин тескеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM