Биз менен байланышыңыз

Баткен: Разаков алмашылчу жерлер боюнча жергиликтүүлөр менен жолугушту

Кыска кабар | 8 Фев 2020 | 1695 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана топографиялык топтун мүчөлөрү Баткен облусунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Баткен районунун Самаркендек айыл аймагынын Тескей аймагында, Чек-Дөбө, Терекзар аймактарында жашаган жергиликтүү калк менен жолугушуулар болуп өттү. Жолугушууда тургундарга Өкмөт тарабынан Тажикстан менен чек араларды делимитациялоо боюнча жүрүп жаткан иштер, тажик делегациясы менен жолугушуунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилди.

Разаков Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуунун эсебинен маселени чечүүгө болорун айтты.

Жолугушууда жергиликтүү жашоочулардын сунуштары угулуп, Тажикстан менен жер алмашуунун мүмкүн болгон варианттары талкууланды.

Жергиликтүү жашоочулар менен талкуу аяктаган соң гана алмашуу иштери андан ары улана турганын айтты.

-Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын жана Тажикстандын топографиялык топтору Баткен району менен Исфара шаарынын «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп жатышат, — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Белгилей кетсек, буга чейин вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айрым милдеттери алынган. Мындай чечим чек ара маселесин жөнгө салууга салым кошорун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM