Биз менен байланышыңыз

Разаков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү менен жолугушту

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 475 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу учурунда эки жактуу күн тартибинин, анын ичинде өлкөдөгү соттук-укуктук реформаларды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жеңиш Разаков белгилегендей, соттук-укуктук реформалардын алкагында жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды киргизүүгө даярдык көрүүдөгү ЕБ институттарынын ролун белгилеп, анын негизги аспектилери тууралуу айтып берди.

Ошону менен бирге вице-премьер-министр кошумчалагандай, кыргыз тарап санариптик трансформациялоо долбоорлорун ишке ашыруу, сот тутумун жана укук коргоо органдарын реформалоо боюнча кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүүгө кызыкдар.

ЕБ атайын өкүлү Петер Буриан баса көрсөткөндөй, кеңейтилген кызматташуу жана өнөктөштүк жөнүндө жаңы келишимди түзүү эки тараптуу өз ара аракеттерди чыңдоого шарт түзөт.

Ал өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча оңдуу өзгөрүүлөрдү канааттануу менен белгилеп, аймактык, анын ичинде санариптештирүү боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM