Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланка: Милициянын улук инспектору кызматтан четтетилди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 615 | 0

Шри-Ланка президенти Майтрипала Сирисена милициянын улук инспектору Пуджитха Джаясундарунун кызматтан кетерин айтты. Бул тууралуу News 1st телеканалы билдирди. Андан сырткары, ушул эле күнү Коргоо министрлигине жаңы катчы дайындарын кошумчалады.

Буга чейин Шри-Ланканын Коргоо министрлигинин катчысы Хемасири Фернандо кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Президент шаршемби күнү катчы менен милиция жетекчилигинен арыз жазып, кызматтан кетүүсүн суранган болчу.

Шри-Ланкадагы акыркы жардыруулардан улам, 359 адам курман болуп, 520 адам ар кандай жараат алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM