Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкада паранжа жамынууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 740 | 0

Шри-Ланкада адамдардын ким экендигин аныктоого тоскоол болгон кийимдерди кийүүгө, паранжа жамынууга тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка өлкөнүн президенти Майтрипала Сирисена кол койгон. Бул тууралуу News First телеканалы билдирди.

Чечим өткөн жумада Министрлер кеңешинин талкуусуна коюлган. Тыюу салуу бүгүн, 29-апрелде күчүнө кирет.

Эске салсак, 21-апрелде Шри- Ланкада 8 жардыруу болуп, натыйжада 250-260 адам каза болуп, 500дөн ашык адам жаракат алган.

 

Copyright © 2017 Maral FM