Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкадагы жардырууларга шектелген негизги эки адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 698 | 0

Шри-Ланканын полициясы жардырууларды уюштурууга шектелген эң негизги эки адамды кармаганын Ada Derana жергиликтүү басылмасы билдирди.

Маалымат боюнча, алар бир туугандар Мохамед Саадик Абдул Хак жана Мохамед Саахид Абдул Хак болгон.

Эске салсак, 21-апрелде Шри-Ланка христиандары Пасха майрамын майрамдап жатышкан учурда 8 жардыруу болгон. Алгачкы 6 жардыруу беш жылдыздуу Shangri-La, Cinnamon Grand жана Kingsbury мейманканаларында жана Коломбодогу Котахен, Негомбо жана Баттикалоа чиркөөлөрүндө болгон. Андан кийин Шри-Ланканын батышында орун алган Дехивала шаарында жетинчи жардыруу болсо, сегизинчи жардыруу Дематагод турак жай комплексинде болгон.

Ошондой эле 26-апрелде кечинде баш калаа Коломбонун түштүгүндөгү Ампара районунун Сейнтамаруту шаарындагы «Ислам Мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү делген согушкерлер менен мамлекеттик аскер күчтөрүнүн ортосунда атышуу орун алган жана бир нече жардыруу да болгон. Натыйжада 15 адам каза болгон. Анын алтоо — жаш бала. Алардын жансыз денеси аткылашуу болгон жердеги үйдөн чыккан.

Шри-Ланкадагы бир нече жерде орун алган жардыруу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчиликти алган.

Copyright © 2017 Maral FM