Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков «Бир алкак — бир жол» форумуна катышууда

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 594 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан «Бир алкак – бир жол» II форумунун ачылыш аземине катышып жатат. Кыргызстандын өлкө башчысы Жээнбеков эртең форумунун биринчи сессиясында сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн Форумдун ачылышында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь, Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстандын Эл башы Нурсултан Назарбаев, Малайзия Премьер-министри Махатхир Мохамад, Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерреш жана башка делегация башчылары сөз сүйлөштү.

Форумдун ишине 187 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда, анын ичинде 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары келишкен.

 

Copyright © 2017 Maral FM