Биз менен байланышыңыз

«Канча реформа болсо да, Башкы прокуратура реформасыз калууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Апр 2019 | 667 | 0

Канча реформа болсо да, Башкы прокуратура реформасыз калууда. Мындай пикирин Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратуранын реформасы саясий талаада чечилип жатат.

«Бир туруп УКМКнын, кээде Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктарын кеңейтип коёбуз. Бул орган бир эле учурда бири-бирине каршы келген эки функцияны аткарып жатат. Тагыраагы, көзөмөл жүргүзүп адамдардын укугун коргойт, ошол эле учурда айыпты колдойт. Прокуратура тергөөчү судьяга бардык ыйгарым укуктарын өткөрүп бериши керек. Ал үчүн саясий эрк керек жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл. Азыр эки мүнөздүү болуп жаткандыктан, прокуратура өзгөрбөйт», — дейт Сооронкулова.

Copyright © 2017 Maral FM