Биз менен байланышыңыз

УКМК: Террордук даярдыктан өткөн кыргызстандык согушкер кармалды

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 400 | 0

Улуттук коопсуздук комитети эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ)  А. А. И. аттуу кыргызстандык согушкерин колго түшүрдү.

Окуя 23-апрелде болгонун атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМКнын чет элдик өнөктөштөрү менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдун пландарына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча жүргүзгөн контртеррористтик иш-чараларынын алкагында согушкерди кармаган.

Согушкер 2014-жылы Сирияга барып «куралчан жихадга» кошулуу максатында араб инструкторлорунан атайын диверсиялык-теоррористтик даярдыктан өтүп, андан ары согуш аракеттерине катышкан. Кийин ЭТУ лагерлеринде жалданган рекруттарга машыктыруучу болгон.

ЭТУ башчыларынын тапшырмасы менен «куралчан жихад» жана жашыруун террористтик уюм түзүү тапшырмасын ишке ашыруу максатында Кыргызстандын аймагына келген.

УКМК органдары тарабынан бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси  (КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же  согуш аракеттерине катышуусу, же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Бул иштин жүрүшүндө кармалган адам жасаган кылмыш иштерин мойнуна алган.

Учурда кармалган А. А. И. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

КР УКМК жарандарды террористтик багыттагы кылмыштарды жасаса, же болбосо террордук аракеттерге тартууга аракеттенсе, мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM