Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин өсүп келаткан мамлекеттерге колдоону күчөтүүгө чакырат

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 773 | 0

Өнүккөн өлкөлөр жаңыдан өсүп келаткан мамлекеттерге колдоону күчөтүү зарыл.

Мындай чакырыкты Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин «Бир алкак, бир жол» аталышындагы форумдун ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди.

«Коомдо өнүгүүдөгү теңдешсиздик бүгүнкү дүйнөнүн ири көйгөйү болуп калууда… Өнүгүп келаткан мамлекеттерге жакырчылыкты жоюуга жана туруктуу өнүгүүгө жетишүүсүнө көмөктөшүү, көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн эл аралык кызматташтыкты бекемдөө зарыл», — деп белгилейт Си Цзиньпин.

«Бир алкак, бир жол» аталышындагы экинчи форум 25-27-апрелде Кытайдын Пекин шаарында өтүүдө. Ага 37 өлкөнүн лидери жана Өкмөт башчылары, алардын катарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Пекиндеги форумга катышуу үчүн Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерреш жана Эл аралык валюталар фондунун директору Кристин Лагард да келген.

Copyright © 2017 Maral FM