Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: Конституциялык палата одоно мыйзам бузду

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Апр 2019 | 424 | 0

Конституциялык палата Жогорку Кеңеште соттордун иши боюнча жылдык маалымат угуу парламенттин ыйгарым укуктарына кирбейт деген чечим чыгаруу менен мыйзамды одоно бузду. Бул тууралуу Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эми эл өкүлдөрү Тартип комиссиясына кайрылышы керек. Анткени, мыйзамдын аткарылышын Жогорку Кеңеш көзөмөлдөйт.

«Соттордун мыйзам бузуусуна көнүп калдык. Бирок, бул жердеги мыйзам бузуу көз көрүнөө болуп жатат. Коституциялык палата Жогорку Соттун төрайымынын кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алып, чечим чыгарды. Мыйзамга ылайык, бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынбашы керек болчу. Бул мамлекетке да, коомчулукка да абдан жаман көрүнүш. Мыйзамдууулукту камсыз кылуучу эки ири орган мыйзамды тебелеп жатса, башкалар тууралуу сөз кылуунун кажети жок», — дейт Сооронкулова.

Анын пикиринде, Конституциялык палатанын чечими кайрадан даттанууга жатпайт. Аталган орган менен ЖКнын ортосунда тиреш болбойт. Анткени, ага негиз жок. Эми ЖК Конституциялык палатага силердин чечим туурабы деген маселе коюп, жоопкерчиликке тартышы керек.

Эске салсак, 24-апрелде Конституциялык палата Жогорку Кеңеште соттордун иши боюнча жылдык маалыматты угуу парламенттин ыйгарым укуктарына кирбейт деген чечим чыгарды. Тагыраагы, «Жогорку Кеңеште соттордун иши боюнча жылдык маалыматты угуу парламенттин ыйгарым укугу» деген берене Конституцияга каршы келет деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM