Биз менен байланышыңыз

Питерде иштеген кыргызстандыкты экскаватор басып калды

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 515 | 0

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында курулушта иштеп жаткан кыргызстандык экскаватордун астында калып каза болду.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кырсык шаардын Карповка дарыясынын жээгиндеги мейманкананы бузуп жатканда катталган.

Үйүлгөн таштандынын үстүндө турган кран ордунан жылып, кулап кеткен.

«Кыйроо болгон жок. Үйүлгөн таштандынын үстүндө турган кран ордунан жылып кетти. Анан жумушчуну басып калды», — деп билдирди Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Санкт-Петербург боюнча башкармалыгынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Андрей Литовка.

Экскаватор басып калган 36 жаштагы кыргызстандык окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми унаанын айдоочусу өзү чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM