Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болот

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 1714 | 0

Коомдук активист Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болот. Бул тууралуу «Марал» радиосуна жеке булактар кабарлады.

Маалыматтарга таянсак, учурда Эдил Байсаловго Англия тараптан агреман (макулдук,-ред.) келген. Эми бул документти ТИМ кабыл алып, андан ары президенттин кол коюусуна жибериши зарыл.

Азырынча бул маалымат боюнча коомдук ишмер өзү да эч кандай комментарий бере элек. Ал эми Тышкы иштер министрлиги тарабынан да эч кандай расмий маалымат жарыялана элек.

 

Copyright © 2017 Maral FM